Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Экспортту эки эсеге көбөйтүү, айыл чарбанын илимий-техникалык базасын чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Экспортту эки эсеге көбөйтүү, айыл чарбанын илимий-техникалык базасын чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

Жер трансформациясы, агроөнөр жайын колдоо, органикалык өндүрүш жана азык-түлүк коопсуздугумаселелери Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин Ош облусунун Кара-Суу районуна болгон жумушчу иш сапары учурунда талкууланды. Иш сапардын алкагында Төрөбаев дыйкан-фермерлерди тейлөө борборунун иши менен таанышып, борбордун ишин күчөтүү жана дыйкан-фермерлерге толук колдоо көрсөтүү боюнча тапшырмаларды берди.
Аталган борбордо дыйкандар райондук мекеме-ишканалардын адистеринен жана «Айыл-Банк», «Элдик Банк» банктардын өкүлдөрүнөн кеңеш алып, маселелерин чечүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Фермерлерди тейлөө борборунун негизги максаты – дыйкандарга урук-көчөт тандоо, продукция өндүрүү, сатуу жана мамлекеттик колдоолор боюнча толук маалымат жана кеңеш берүү.
Белгилей кетсек, Министр Төрөбаев Ош облусундагы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен болгон кеңешме жыйында президент Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруудагы негизги көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдорун талкуулады.
Агрардык тармактын жетекчилерине кооперативдерди өнүктүрүү жана жеңилдетилген насыяларды берүү маселелерине көбүрөөк көңүл буруу милдеттендирилип, жер трансформациясы, агроөнөр жайын колдоо, органикалык өндүрүш жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча конкреттүү сунуштар берилип, аларды ишке ашыруу тапшырмасы коюлду.
Мындан тышкары, кайра иштетүү көлөмүн 50%га көтөрүү, МТС түзүү, экспортту эки эсеге көбөйтүү, айыл чарбанын илимий-техникалык базасын чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Show More
Back to top button