Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргыз Республикасынын токой экосистемасын эл аралык колдоо – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын токой экосистемасын эл аралык колдоо

Токой экосистемасын өнүктүрүү жаатында эл аралык кызматташтык жүргүзүү алкагында республиканын токой тармагынын потенциалын жогорулатууда эл аралык уюмдар колдоо көрсөтүп жатышат.

Бириккен улуттар уюмунун токой боюнча башкы уюму ФАО республиканын  токой ресурстарын кайра өндүрүүдө (токойду калыбына келтирүү, токой көбөйтүү) колдоо көрсөтүүнү улантууда.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы ФАО/ЗКФ нын «Кыргыз Республикасында токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо (CS-FOR)» долбоорун ишке ашырууга киришти.

Аталган иш аракеттин алкагында 2022-жылдын 5-6-декабрында Борбордук Азия, Туркия жана Азербайджан боюнча ФАО нун субрегионалдык координатору, ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү мырза- Виорел Гуцунун Кыргызстанга иш сапары болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын “Токой секторунда кызматташуу боюнча Азиялык уюмду (AFoCO)” түзүү жөнүндө макулдашууга  кошулуусу Корея Республикасына жана  AfoCOнун финансылык ресурстарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.

Корея токой кызматы менен жүргүзүлгон сүйлөшүүлөрдүн алкагында үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Корея университетинин профессору мырза Yowhan Son башында турган, кореялык  эксперттеринин Кыргызстанга иш сапары ишке ашырылды. Иш сапардын максаты келечекте биргеликте жүргүзүлө турган долбоорлордун болжолдуу аймактарын изилдөө болду.

AFoCO нун жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында экме токойлордун үрөн сактоочу кампаларын түзүү боюнча Токой кызматынын берген сунушу жактыруу деңгээлинде турат.

Жакын арада, AfoCO эксперттеринин Кыргызстанга  иш сапары күтүлүүдө. Эл аралык уюмдардын көрсөткөн  колдоосу республиканын токой экосистемасын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү жаатында көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө сөзсүз  түрдө өбөлгө түзөөрү шексиз

Show More
Back to top button