Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жер жана Суу кодекстеринин жаңы редакциясын иштеп чыгуу – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Жер жана Суу кодекстеринин жаңы редакциясын иштеп чыгуу

15-июлда мамлекет башчы Айыл чарба министрлигине Жер жана Суу кодекстеринин жаңы редакциясын иштеп чыгууну тапшырган. Аталган кодекстерди иштеп чыгуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Жер жана Суу кодекстеринин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун отуруму бүгүн Бишкек шаарында болуп өттү, анда Жергиликтүү райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Айыл чарба министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, учурдагы Жер кодекси 1999-жылы кабыл алынган. Андан бери 61 өзгөртүү киргизилип, жер мыйзамдары заман талабына ылайыкташууга үлгүрбөй келет. Учурунда жер реформасы жүргүзүлгөндө жердин 75 пайызы үлүш катары берилген. Калган 25 пайыз мамлекеттик фонддун жери катары калган. Учурда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо артыкчылыктуу багыттардын бири болгондугуна байланыштуу, Жер жана Суу кодексинин жаңы редакциясы өбөлгө болот. 

Show More
Back to top button