Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
11-айдын ичинде 93 мал союлуучу жайлардын 25  убактылуу жабылган – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Ветеринардык кызматЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

11-айдын ичинде 93 мал союлуучу жайлардын 25  убактылуу жабылган

Кыргыз Республикасында тамак-аш коопсуздугун сактоо максатында, Ветеринардык кызматтын тарыбанан 11-айдын ичинде 93 мал союлуучу жайлардын 25  убактылуу жабылган. 25 мал союучу жайларга акт түзүлүп, эскертме кагаздары берилген. Аларга оңдоп түзөө үчүн 1-айлык мөөнөт берилген.

Убактылуу жабуунун негизги себептери:

Баткен обл.  –  1 мал союучу жай,  Райондун так борборунан  орун алып, санитардык аралыктар сакталбай, жакындагы жайгашкан жашоочуларга экологиялык терс зыян  тийип жатканын аныкталган. Айылдын тургундары топтолуп,  нааразылыгын билдиришкен.  Жыйынтыгында ишкана  ветсанитардык нормаларга туура келбегени аныкталып,  бардык кемчиликтер жоюлганга чейин мал союлуучу ишкананын ишин токтотуу боюнча  чечим чыгарылган.

Жалал-Абад обл. – 5 союучу жайлар, Ишканалар турган жери жеке менчик уйлөрдүн ортосундан орун алган. Ветеринардык-санитардык талапатрга жооп бербейт. Санитардык зонага да жооп бербейт. Ишканалар иштөөсун убактылуу токтотуп, жабылсын деген чечим кабыл алынган.

Ош обл. – 9 союучу жайлар, Ишканалар бир да ветеринардык-санитардык нормалар жооп бербейт. Санитардык зонага да жооп бербейт. Ишканалар иштөөсун убактылуу  токтотуп, жабылсын деген чечим кабыл алынган.

Нарын обл. – 1 мал союучу жай, Ишканалар бир да ветеринардык-санитардык нормалар жооп бербейт. Санитардык зонага да жооп бербейт. Ишканалар иштөөсун убактылуу  токтотуп, жабылсын деген чечим кабыл алынган.

Ысык-Кол обл. – 3 союучу жайлар, Ишканалар турган жери жеке менчик уйлөрдүн ортосундан орун алган. Ветеринардык-санитардык талапатрга жооп бербейт. Санитардык зонага да жооп бербейт. Ишканалар иштөөсун  убактылуу токтотуп, жабылсын деген чечим кабыл алынган.

Чуй обл. – 1 мал союучу жай, Ишканалар бир да ветеринардык-санитардык нормалар жооп бербейт. Санитардык зонага да жооп бербейт. Ишканалар иштөөсун убактылуу  токтотуп, жабылсын деген чечим кабыл алынган.

Бишкек ш. – 1 мал союучу жай, Ишканалар бир да ветеринардык-санитардык нормалар жооп бербейт. Санитардык зонага да жооп бербейт. Ишканалар иштөөсун убактылуу  токтотуп, жабылсын деген чечим кабыл алынган.

Ош ш. – 4 мал союучу жайлар,  Ишканалар санитардык аралыктар сакталбай, жакындагы жайгашкан жашоочуларга экологиялык терс зыян  тийип жатканын аныкталган. Ветеринардык-санитардык талапатрга жооп бербейт. Ишканалар иштөөсун убактылуу токтотуп, жабылсын деген чечим кабыл алынган.

Бул иш-чаралар жарандарыбыздын кайрылуусунун жана Евразиялык экономикалык биримдиктин талабынын негизде жургузулуудо.

 Ветеринардык кызматтын бирден бир максаты – бала бакчадан баштап, Кыргыз Республикасынын аскерлерибизге чейин, сертфикациядан откон мал союлуучу жайдан чыгарылган таза тамак-аш менен камсыз кылуу.

Ошондуктан, 2023-жылы Кыргызстандын ар бир районунда чакан жана талап жооп берген мал союлуучу жайлар куруунун пландап жатабыз.

Show More
Back to top button