Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
КР Айыл чарба министринин биринчи орун басары Н.Алишеровдун АКШнын Монтана штатынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусу – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Жаңылыктар

КР Айыл чарба министринин биринчи орун басары Н.Алишеровдун АКШнын Монтана штатынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусу

022 –жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин биринчи орун басары Н. Алишеровдун Америка Кошмо Штаттарынын Монтана штатынын өкүлдөрүн менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу жөнүндө сөз козголуп, КР Айыл чарба министрлиги тарабынан кызматташуу боюнча багыттар сунушталды.
КР Айыл чарба министринин биринчи орун басары Н.Алишеров Америка Кошмо Штаттары менен айыл чарба багытында жумуштар жана кызматташуу АКШнын Эл аралык кызматташтык агенттиги (USAID) аркылуу ишке ашып жаткан 3 долбоор аркылуу болуп жаткандыгын белгилеп, 2013-жылы ЮСАИДдин бөлүнгөн кредиттик каражаттарынын алкагында АКШдан Кыргызстандын жаратылыш-климаттык шарттарына ыңгайлашкан 430 баш эт багытындагы абердин-ангус малы алынып келингенин белгилеп кетти.

Ошондой эле, Министрдин биринчи орун басары учурда министр А. Джаныбеков кыргыз делегациясынын курамында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77- сессияясына катышуу үчүн АКШда жүргөндүгүн жана ошол эле учурда суу ресурстарын, ирригациялык системаларды жана айыл чарба шаймандарын камсыздоо алкагында жергиликтүү компаниялар менен тармактык келишимдерди түзүү боюнча эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп жатканын билдирди.
Мындан сырткары, Н. Алишеров 2022-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, «Айыл Банк» ЖАК жана айыл чарба техникасын өндүрүү боюнча дүйнөдөгү эң ири «Джон Диир» компаниясынын ортосунда Төрт тараптуу Меморандумга кол коюлгандыгын билдирип, аталган келишимдин алкагында айыл чарба шаймандарын сатып алууга 50 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүнөөрү тууралуу иштер пландаштырылгандыгын айтып кетти . Бул каржылык жардам өлкөнүн айыл чарба техникаларынын паркын 2026-жылга чейин 10% жаңылоого мүмкүндүк берет экендигин баса белгилеп кетти.
Ошондой эле, Министрдин биринчи орун басары КР Айыл чарба министрлиги менен Монтана штатынын (АКШ) кызматташуусу боюнча сунуштарын айтты. Тактап айтканда:

  • Монтана Агрардык университетинде кыргызстандык студенттерди окутуу (Кыргызстандан келген студенттерге Монтана Агрардык университетинде окууга квота бөлүү);
  • малды асылдандыруу жана өстүрүү боюнча дыйкандар менен тажрыйба алмашуу;
  • Кыргызстанга көчөттөрдү алып келүү;
  • жогорку продуктивдүү бодо малды алып келүү;
  • мал чарба жана ветеринария тармагында техникалык жардам көрсөтүү;
  • урук чогултуу аянтчасын жана өндүрүүчүлөрдүн уруктун сапатын көзөмөлдөө лабораториясын оңдоо жана модернизациялоо;
  • Жайыт жана асыл тукум малдар департаментине караштуу “Элита” мамлекеттик ишканасынын жабдууларын модернизациялоо;
  • Кыргызстан үчүн заманбап ветеринардык лабораторияларды куруу;
  • жаныбарлардын ДНК молекулаларын секвенирлөө (идентификациялоо) үчүн биотехнологиялык лабораторияны түзүү;
  • уяң жүндүн сапатын жана уяңдыгын көзөмөлдөөө боюнча лабораторияны жабдуу;
  • букалардын үрөнүн тоңдуруу боюнча долбоорду ишке ашыруу.
    АКШнын Монтана штатынын генерал-адъютанты Джон Ронек мырза өз кезегинде кыргыз тарапка чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, Монтана штатынын (АКШ) Кыргыз Республикасы менен кызматташтыгы 24 жылдан бери жүргүзүлүп келе жатканын белгиледи. Негизинен бул кызматташуу КР Улуттук гвардиясы менен жүргүзүлүүдө, бирок америкалык тарап аны кеңейтип, башка тармактарга багыттоого даяр экендигин билдирди.
    Ошондой эле, Жон Ронек мырза делегациянын мүчөлөрү менен тааныштырып Скот Остерман мырза айыл чарба маселелерине жооптуу экенин белгилеп кетти.
    Скотт Остерман мырза өз кезегинде чогулгандарга жолугушуунун уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Монтана менен Кыргызстандын жаратылышынын окшоштугун белгилеп, Монтана штатынын экономикасында айыл чарбасы маанилүү роль ойноорун билдирди.
    Айрыкча ал штаттан эгин, буудай, арпа, ошондой эле уй эти экспорттоло тургандыгын маалымдап, штатта дан, буудай өндүрүү жана мал чарбасы өнүккөндүгүн белгилеп кетти.
    Мындан тышкары, Скотт Остерман мырза эки тараптуу кызматташуунун маанилүү багыттарынын бири болуп Кыргызстандык студенттерди Монтана айыл чарба университетинде окутуу мүмкүн экендигин айтып, аталган университетте токой чарбасы боюнча жакшы академиялык тажрыйба баре экенин белгилеп кетти.
    Ал ошондой эле учурда университеттее айыл чарба жаныбарларынын геномун изилдөө жана айыл чарба асыл тукум жаныбарларына жасалма жол менен уруктандыруу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.
    Мындан тышкары, келерки жылдын жазында кыргыз делегациясын Монтана штатында көрүүгө кубанычта болоорун белгилеп, Министрликтин өкүлдөрү келген учурда, түшүм жыйноого байкоо жүргүзүү үчүн спутниктиктик сүрөттөрдү гана эмес, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн көзөмөлдөөө үчүн инфракызыл радиациясы бар жабдууларды да колдонгон дыйкандар менен жолугушуу уюштурууга көмөктөшөт экендигин билдирип кетти.
    Ошондой эле, Скотт Остерман мырза Крис Кори мырза кызматташуу маселелери боюнча, ал эми Кристофер Доррингтон мырза суу ресурстары маселелери боюнча жумуштарды алып барышаарын турганын белгиледи.
    Соңунда тараптар жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы кызматташуу боюнча үмүтүн билдиришти.
Show More
Back to top button