Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

Бишкек шаары, 2022-жылдын 9-сентябры № 494

Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн келип түшкөн сунуштарды ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен жактырылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жободо:

1) 22-пунктунда:

– “асыл тукум чарбаларына” деген сөздөрдөн кийин “, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүдө оң натыйжаларга ээ болгон экономикалык артыкчылыктуу айыл чарба субъекттерине” деген сөздөр менен толукталсын;

– төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Калктын социалдык жактан аялуу категорияларына Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алардын карамагындагы жерлердин аянтынан берилет.”;

2) 88-пунктунда:

– “асыл тукум чарбаларына” деген сөздөрдөн кийин “, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүдө оң натыйжаларга ээ болгон экономикалык артыкчылыктуу айыл чарба субъекттерине” деген сөздөр менен толукталсын;

– төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

“Калктын социалдык жактан аялуу категорияларына Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алардын карамагындагы жерлердин аянтынан берилет.”;

– 89-пунктунун үчүнчү абзацы “асыл тукум чарбаларына” деген сөздөрдөн кийин “, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүдө оң натыйжаларга ээ болгон экономикалык артыкчылыктуу айыл чарба субъекттерине” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 309 “Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жөнүндө”;

– биринчи пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен биргеликте:

– айыл чарба кооперативдеринин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларынын, ошондой эле айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субъекттеринин айыл чарба продукциясын өндүрүүсү жана сатуусу үчүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин жалпы аянтынын 50 пайызын тактоо жана аныктоо боюнча жумушчу комиссия түзсүн;

– жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча мурда берилген жерлерди пайдалануу мөөнөттөрүнүн аякташын эске алуу менен Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин жалпы аянтынын 50 пайызын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдалануу укугун берсин.”.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаров
Show More
Back to top button