Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
КР-РК: Аймактарды өнүктүрүү боюнча онлайн окутуулар – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

КР-РК: Аймактарды өнүктүрүү боюнча онлайн окутуулар

2021-жылдын 7 – 10 декабрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл-тукум мал чарба департаментинин, Балык чарба департаментинин, ошондой эле айыл өкмөт башчыларынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлеринин катышуусунда Корея Республикасындагы Канвон провинциялык Өкмөтүнүн эл аралык соода бөлүмүнө караштуу эл аралык шаардык окутуу борборунун профессорлорун тартуу менен айыл, мал жана балык (аквакультура) чарба, ошондой эле аймактарды өнүктүрүү боюнча онлайн окутуулар өткөрүлүүдө.

Аталган окутуулардын максаты Канвон провинциясынын Өкмөтү менен КР Өкмөтүнүн ортосунда айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, айыл чарба тармагында илимий-техникалык жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат. Бул окуутулардын жыйынтыгында онлайн-окутууларга катышкан кызматкерлерге сертификат ыйгарылат.

Show More
Back to top button