Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Пахта өстүрүү сектору 10 млн сомдук лабораториялык жабдуулар менен камсыздалды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Пахта өстүрүү сектору 10 млн сомдук лабораториялык жабдуулар менен камсыздалды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусуна болгон сапар учурунда Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоонун райондор аралык борборунун пахта өстүрүү секторуна берилген жаңы жабдуулардын абалы менен таанышты.

АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан Ош облусунда жана Ош шаарында “Региондук экономикалык өнүгүү” долбоорунун алкагында 2023-2024-жылы Пахтаны өстүрүү секторуна 10 млн сомго жакын лабораториялык жабдуулар, кеңсе буюмдары алынып, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Пахта өстүрүү сектору Кара-Суу шаарында жайгашкан.

Жылдын аягына чейин дагы 600 миң сомго лабораториялык жабдуулардын алынуусу күтүлүүдө.

Долбоордун негизинде алынган заманбап лабораториялык жабдуулар жүргүзүлгөн анализдердин сапатын жогорулатып, ага кеткен убакытты кыскарат. Ошондой эле, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шарттар түзүлүп, лаборатория эл аралык стандарттарга ылайык аккредитациялоо жол-жобосуна даяр болот.

Show More
Back to top button