Маанилүү жаңылыктар

Екатеринбургдун ири соода түйүндөрүн кыргызстандын жашылча-жемиштери толукташы каралды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун колдоосу менен Россия Федерациясынын Свердлов облусундагы Кыргызстандын жашылча-жемиш өндүрүүчүлөрү менен чекене сатуучулардын ортосунда онлайн жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Екатеринбург шаарындагы «Магнит», «Ритейл групп Х5», «Меридиан» сыяктуу ири соода түйүндөрүн кыргызстандык жашылча-жемиштер менен камсыздоо шарттары талкууланды.

Чекене соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү жаңы жашылчаларды жана мөмө-жемиштерди үзгүлтүксүз жеткирүүгө кызыкдар экендигин билдирип, коммерциялык сунуштарды marshuk_dn@magnit.ru, import_fv@x5.ruTkmerid@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүү керектигин баса белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар үзгүлтүксүз жеткирүүлөрдү түзүү максатында россиялык тарапка Кыргыз Республикасынан айыл чарба продукциясын жеткирүүнүн деталдуу шарттары (мөөнөттөрү, таңгагы, калибрлөө, төлөөнүн түрү) жөнүндө суроолор менен анкета жөнөтүүнү макулдашышты.

Ал эми Россия Федерациясына жаңы жашылча-жемиштерди экспорттоого кызыккандар Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кызматкери Нуржан кызы Жаркынайга WA (+996 704 688 161) номери аркылуу байланышка чыкса болот.

Show More
Back to top button