
Кыргызстандын элет жергесинин аялдары жайыттарды башкарууга окутулду. Аталган окуу “Жер мыйзамдарынын актуалдуу маселелери” темасындагы семинардын алкагында өттү.
Ага Чүй, Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынан кыз-келиндер катышты.
Окутуунун негизги максаты – аялдардын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча маселелерин жер-жерлерде чечүүдө билим деңгээлдерин жогорулатуу, ошондой эле учурдагы административдик территориалдык реформанын алкагында жайыттарды башкаруудагы өзгөчөлүктөр боюнча кеңири маалымдоо болуп саналат.