Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү 50%га жеткирүү максаты коюлду – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү 50%га жеткирүү максаты коюлду

Жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, суу пайдалануу системасын жакшыртуу жана кайра иштетүү өнөр жайын модернизациялоо зарылдыгын баса белгиледи. Учурдагы жаратылыш ресурстарын пайдалануунун натыйжасыздыгын баса белгилеп, мамлекет тарабынан 614 000 гектар жерди жемиштүү пайдалануу үчүн бөлүнүп берилиши жөнүндө кеңири айтып, кийинки жети жылдын ичинде айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү 5 пайыздан 50 пайызга чейин көбөйтүү максатын койду.

“Мындан тышкары, Министрлер Кабинети ири көлөмдөгү товар өндүрүшүн кубаттап, дыйкандардын ассоциацияларын түзүүнү жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүнү пландаштырууда”, – деди Төрөбаев.

Өз кезегинде жумушчу топ Министрлер Кабинетине айыл чарба жана айыл аймактарын өнүктүрүү жаатындагы натыйжалуу саясатты иштеп чыгууда колдоо көрсөтүүгө умтулгандыгын тастыктады.

Өнөктөштөрдүн Координациялык кеңешинин жумушчу тобунун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен кызматташтыгындагы аракеттери Кыргызстан туш болгон айыл чарба көйгөйлөрүн чечүүдө негизги ролду ойнойт.

Show More
Back to top button