Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Кыргызстан Иранга муздатылган койдун этин экспорттоону баштады – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Кыргызстан Иранга муздатылган койдун этин экспорттоону баштады

Кыргызстан Иран Ислам Республикасына муздатылган койдун этин экспорттоону баштады
Кыргыз Республикасынан Иран Ислам Республикасына муздатылган койдун этин экспорттоо – эки өлкөнүн соода алакасын өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Иранда сапаттуу этке болгон суроо-талаптын өсүп жатканын эске алганда, мындай демилге Кыргызстандын эт өндүрүүчүлөрү үчүн гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн экономикасы үчүн да пайдалуу болот.
9860 килограмм муздатылган койдун этинин биринчи партиясы 2024-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринария кызматынын колдоосу менен «Торо» ЖЧК мал союучу ишканасы тарабынан Иранга жөнөтүлдү. Бардык жөнөтүлгөн продукцияга ветеринардык-санитардык көзөмөлдөө жана контролдоо иш-чаралары, ошондой эле сапат жана коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча лабораториялык көзөмөл жүргүзүлдү.
«Торо» ЖЧКсы жумасына 12 тоннадан 24 тоннага чейин жалпы 1000 тонна койдун этин экспорттоону көздөп жатат. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы этти Россия Федерациясына, Иран Ислам Республикасына, БАЭге, Кувейтке экспорттойт.
Иран Ислам Республикасы абдан чоң рынокко ээ жана эл аралык стандарттарга сертификатталган сапаттуу эттин импортун тынымсыз көбөйтүүдө.

Show More
Back to top button