
Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти бүгүнкү күндө органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүдө биологиялык каражаттарды өндүрүп келүүдө.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен жергесинде гиласти (черешня) өстүрүү жана экскпортко чыгаруу боюнча иштер алдыда турат. Буга байланыштуу гиласти таза органикалык продукция катары өндүрүүдө оорууларын жана зыянкечтерине каршы биологиялык каражаттарды колдонууну сунуштайбыз.
Маалымат үчүн: Гиластын зыянкечтери катары өсүмдүк бити жана кенелери (Аскохитоздук тактар,кластероспороз (тешик тактары), коккомикоз же кызыл күрөң тактар) болуп саналат.
Күрөшүү чаралары: Биологиялык ыкма энтомофаг Алтын көз жана амблесейус энтомофагдарын, ал эми грибоктук оорууларына Триходермин биологиялык препаратын колдонсо болот.
Вегетация учурунда триходермин биопрепаратын 3 жолу колодонуу шарт.
Алтын көз жана амблесейус энтомофагын зыянкечтер пайда болгон учурда колдонуу керек.