Маанилүү жаңылыктар

Төрт айда карантиндик зыяндуу организмдерди аныктоо үчүн 24 миңден ашуун экспертиза жүргүзүлдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, карантин жана коргоо департаменти тарабынан
лабораториялык экспертиза жүргүзүү үчүн 2024-жылдын төрт айында лабораторияларга – 8556 даана үлгү келип түшкөн, алардын ичинен:

  • 5318 даана импорттук айыл чарба продукциясынын үлгүлөрү;
  • 2731 даана экспорттук айыл чарба продукциясынын үлгүлөрү;
  • 123 даана кардарлардын кайрылуулары боюнча үлгүлөрү;
  • 33 даана изилдөө иш-чараларынын үлгүлөрү
    Лабораториялардын адистери тарабынан карантиндик зыяндуу организмдерди аныктоо жана идентификациялоо үчүн – 24246 экспертиза жүргүзүлгөн.
    Изилдөө учурунда импорттук карантинге алынган продукциялардан алынган үлгүлөрдөн төмөнкү карантиндик зыяндуу организмдер аныкталган:
  • Борбордук лаборатория тарабынан – сары чырмооктун жана сойломо кекиренин уруктары;
  • Ош лабораториясы тарабынан – калифорния калканчасы, Комсток курту, тыт калканчасы, теплицадан келген томат көчөттөрүнүн үлгүлөрүнөн күрөн бырыш томат вирусу,.
    Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториялары үстүбүздөгү жылдын төрт айында лабораториялык экспертизалар үчүн -1 849 299 сомдук кызмат көрсөткөн.
Show More
Back to top button