Маанилүү жаңылыктар

Б.Торобаев: Айыл чарбасын, кайра иштетүү өнөр жайын көтөрүүдө илим-билимге таянабыз

Бүгүн, 8-майда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин окутуучулар курамы жана студенттери менен жолугушту.
Жолугушуу эркин, суроо-жооп форматында ачык-айкын, жылуу маанайда өттү. Негизги максат — айыл чарба тармагында көйгөйлөрдү чечүүдө билим менен жуурулушкан тажырыйбанын ролу, замандын талабына шайкеш технологиялык ачылыштарды өздөштүрүү боюнча кеңири талкуу жүрдү.
Министр Бакыт Торобаев айыл чарбасын, кайра иштетүү өнөр жайын көтөрүү үчүн илим-билимге таянуу негизги орчундуу багыттардын бири экенин билдирип, билимдүү адистерди тарбиялап чыгаруу аркылуу, кадр таңсыктыгын жоюуга өзгөчө көңүл буруларын айтты.
Натыйжада, билими терең, иштин көзүн билген адистерди, такшалган кадрларды өстүрүү макасатында, Кыргыз улуттук агрардык университетинде республиканын ар кайсы аймагынан келип окуп жатышкан студенттер менен биргелешип иш алып баруунун жол картасын иштеп чыгуу үчүн, министрликтин кызматкерлеринен, окумуштуулардан, студенттерден турган жумушчу топ түзүлмөй болду. Мындан улам, өлкөнүн ар аймагынан келген студенттер өз райондорунда айыл чарба багытындагы ар кандай маселе, көйгөй, сунуш демилгелерди ишке ашыруу үчүн министрликке караштуу Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары менен тыгыз кызматташууга мүмкүнчүлүктөр ачылып, шарт түзүлөт.
Буга байланыштуу Торобаев министрлик менен окуу жайдын ортосундагы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары активдештирүү жана тереңдетүү өтө маанилүү экенине токтолуп, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө, азык-түлүк коопсуздугунда жана экспорттук потенциалын жогорулатууда, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууга шыктуу, билимге, ишке суусап турган студенттер колдоого алынарын белгиледи.

Show More
Back to top button