Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргызстанга жайыт чөптөрүнүн 114 181 кг үрөнү алынып келинди

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти жеке ишкер Голенков ишканасы менен түзүлгөн келишим боюнча кылкансыз түбү бош жана таракбаш жайыт чөптөрүнүн 114 181 кг үрөнү алынып келинди.
Анын ичинен 82 867 кг үрөн Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Талас, Баткен жана Ош облустарынын айыл аймактарына жеткирилип, таркатылып берилди. Ал эми Жалал-Абад облусуна декабрдын аягына чейин 35 814 кг жеткирүү пландалууда. Ошондой эле, ЖИ Голенков кылкансыз түбү боштун 4400 кг үрөнүн жана шалбаа бетегесин 19044 кг Кыргызстанга 25-декабрда алып келинүүсү күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, таркатылган жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү жана эспарцет чөбүнүн аралашмасы республика боюнча 393 га жайыт аянтына жалпысынан 6084 кг себилди.

Show More
Back to top button