Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
ЖЫЛ БАШЫНАН БЕРИ 2520 ИШКЕРДИК СУБЪЕКТИГЕ ТЕКШЕРҮҮ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

ЖЫЛ БАШЫНАН БЕРИ 2520 ИШКЕРДИК СУБЪЕКТИГЕ ТЕКШЕРҮҮ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу жана калктын саламаттыгын коргоо максатында, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын аймактык бөлүмдөрү тарабынан 2024-жылдын 1-январынан тартып азыркы учурга чейин жазуу түрүндөгү мал чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу менен алектенген 2520 ишкердик субъектиге текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө ветеринардык-санитардык талаптарды бузуулар аныкталып, анын жыйынтыгы менен бузууларды четтетүү боюнча 300 көрсөтмө берилди. Ошондой эле, белгиленген ветеринардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн жалпы суммасы 2 206 500 сом айып салынды.

Show More
Back to top button