Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
11 айда мыйзамсыз курулган 228 объект буздурулду – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

11 айда мыйзамсыз курулган 228 объект буздурулду

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Кызыл-Сай айылына Талас-Тараз авто жолунун түштүк жагында жайгашкан “Партнер нефт” ЖЧК текшерүү жүргүздү. Анын алкагында көрнөк-жарнак тактайлары (стела) кызыл сызыкка кирип кеткендиги аныкталды. Жыйынтыгында жеңил типтеги курулмалар буздурулуп алынды.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 11 айында Жер суу көзөмөл кызматы тарабынан 269 мыйзамсыз курулган объектилер аныкталган. Анын ичинен 228 объект буздурулуп, 9 объектке чара көрүү боюнча укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Show More
Back to top button