Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинен фитосанитардык сертификат алууга эскерткич
1-кадам – арыз берүү
Фитосанитардык сертификатты алуу үчүн ИСЕО аркылуу электрондук арыз берүү ыкмалары:
1) БТБ МИ оператору аркылуу-арыз ээси Ишкерлерди тейлөө борборлорунда жайгашкан БТБ МИ Кызмат борборунун операторлоруна кайрылуусу зарыл:
– Бишкек ш., Ибраимов көч., 152 (КТБ, 2-кабат);
– Ош ш., Масалиев пр.- 75.
2) Арыз ээси өз алдынча, – арыз ээси Системага кирүү үчүн Онлайн-сервис аркылуу каттоодон өтүшү керек https://signup.trade.kg/. Бул сервис, бардык ишкерлерге уруксат берүүчү жана башка зарыл документтерди, анын ичинде фитосанитардык сертификаттарды алууга арыз берүү үчүн Системада онлайн катталууга мүмкүнчүлүк берет.
3) Департаменттин аймактык башкармалыгынын адиси аркылуу
2-кадам – фитосанитардык сертификациялоо
1) Арыз адистин иштетүүсүнө келип түшкөндүгүн текшериңиз.
2) Адис үлгү алуу менен жүктү кароо, көрүп чыгуу аракеттерин дайындайт. Документтерди текшергенден кийин адис фитосанитардык сертификатты берет же берүүдөн баш тартат.
Жүктүн партиясын коштогон документтер:
ЕАЭБ өлкөлөрүнө:
№ | Документ | Орган |
1. | Электрондук эсеп-фактурасы | МСК МТ аркылуу экспорттоочу |
2. | Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз | МСК МТ аркылуу экспорттоочу |
3. | Автожол коштомосу CMR | Экспорттоочу |
4. | Айдоочуга ишеним кат | Экспорттоочу |
5. | Фитосанитардык сертификат | ӨХККД |
Үчүнчү өлкөлөргө
№ | Документ | Орган |
1. | Электрондук эсеп-фактурасы | МСК МТ аркылуу экспорттоочу |
2. | Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз | МСК МТ аркылуу экспорттоочу |
3. | Келип чыккан жеринин сертификаты | Соода –өнөр жай палатасы |
4. | Бажылык декларация | Бажы брокери |
5. | Автожол коштомосу CMR | Экспорттоочу |
6. | Айдоочуга ишеним кат | Экспорттоочу |
7. | Фитосанитардык сертификат | ӨХККД |
Аймактык башкармалыктардын даректери:
№ | Аталышы | Дареги | Телефону |
1 | Борбордук аппарат | Бишкек ш., Киев көч. 96б | 0312620292 |
2 | Жалал –Абад облусу | Жалал-Абад ш, Нефтяник көч. 11 | 0558665961 |
3 | Ысык-Көл облусу | Каракол ш. Кутманалиев көч. 118 | 0550750323 |
4 | Ош облусу | Ош ш. Исанов көч. 42 | 0778121812 |
5 | Чүй-Бишкек | Бишкек ш., Маяковский көч. 60 | 0558533855 |
6 | Нарын облусу | Нарын ш., Ленин көч. 101/16 | 0778716199 |
7 | Талас облусу | Талас ш. Огонбаев көч. 111а/13. | 0772762294 |
8 | Баткен облусу | Баткен ш. Раззаков көч. 13/1. | 0777000630 |