Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министрлик ташып кирүү этабында товарлардын сапатына контролду күчөтөт – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министрлик ташып кирүү этабында товарлардын сапатына контролду күчөтөт

Калктын саламаттыгын коргоо жана Кыргыз Республикасынын аймагына сапатсыз жана кооптуу продукцияны ташып келүүнү болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти фитосанитардык коопсуздукту камсыздоого багытталган күчөтүлгөн чараларды киргизүү жөнүндө маалымдайт.
Ушуга байланыштуу, Департамент ташып кирүү этабында товарлардын сапатына контролду күчөтөт, ал кооптуу организмдердин жана зыяндуу заттардын потенциалдуу коркунучу менен байланышкан тобокелдиктерди азайтууга өбөлгө түзөт:

  • Продукцияга документтерди жана сапат сертификаттарын текшерүүнү кошкондо, чек араларда фитосанитардык контролду күчөтүү.
  • Ташылып келинүүчү продукциянын зыяндуу организмдерге жана пестициддердин калдык санына кылдат лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү.
    Ушул чаралар жарандардын саламаттыгын коргоого, ошондой эле рынокто ак ниет атаандаштыкты колдоого багытталган. Биз тышкы экономикалык иштер менен алектенген бардык катышуучуларды белгиленген фитосанитардык талаптарды сактоого жана сертификатталган, сапаттуу продукция менен гана камсыз кылууга чакырабыз.
    Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, сураныч, Департаментке кайрылыңыздар, 0312 620292 же электрондук адреси p.quarantinekg@gmail.com.
Show More
Back to top button