Бүгүнкү күнгө карата Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүнүн Андарак, Комунна, Искра айылдарында курулуш иштер аяктады. Аталган айылдардын таза суу системасын долбоордук-сметалык документациясы иштеп чыгарылып, мамлекеттик экспертизадан өткөн.
Азыркы учурда жалпысынан 24 км ичүүчү суу түтүктөрү, 1000м3 резервуар реконструкциядан өтүп, каптаждык курулмалар толук жасалды.
Мындан тышкары, кошумча суу түтүктөрүн, водовод жана каптажды жалпысынан 31 км водоводтон казып жасоо жумуштарын аткарды. Ал эми кошумча суу системасы, резервуар 2 шт 400м3 жасалды.
Бүгүнкү күнгө Сумбула айыл өкмөтүнун 3 айылында толук суу системалары жасалып текшерүүдөн өтүп колдонууга берилген. Долбоорго ылайык 14 миңге жакын адам коопсуз таза суу менен камсыздалды. Белгилей кетсек, долбоор Ислам өнүктүрүү банкы жардамы менен жана АРИС агентствосу менен бирге аткарылды.