Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргызстанда акыркы 30 жылда күрүчтүн айдоо аянты 5,0 эсеге көбөйгөн

Кыргызстанда акыркы 30 жылда күрүчтүн айдоо аянты 5,0 эсеге көбөйүп жана 2024-жылы 12 200 га аянтка күрүч өстүрүлгөн. Ошол эле учурда дүң жыйымы 24,0 эсеге көбөйүп 47,5 – 48 миң тоннаны түздү. Эгерде 2023-жылы күрүч 11 787 га аянт жерге өндүрүлсө 2024-жылы анын аянты 12 200 га түзгөн. Мындайча айткан, былтыркыга салыштырмалуу күрүч 419 га аянтка көбүрөөк өстүрүлүп, түшүмдүүлүгү гектарына 38 центнерди түзгөн.

Облустар боюнча күрүч сортторун бөлүштүрүү төмөнкүдөй: Баткен облусунда девзирдин жергиликтүү “Жайдары” сорттору, табигый тандалуу ыкмасы менен чыгарылган “Кенже” жана “Чынгыз Ак-турпак” сорттору, өзбекстандык “Лазер” жана “Узрос” сорттору өстүрүлөт же аны “Анжиян”деп аташат.

Жалал – Абад облусунда Өзбекстандан алынып келинген “Аланга”, Мустакил, “Лазер”, “Чемпион”, “Авангард” сорттору, ошондой эле жергиликтүү Кара-Кылтырык жана “Девзира”сорттору өстүрүлөт.

Ош облусунда жергиликтүү “Девзира”, “Ак-урук”, “Кара-кылгырык” сорттору жана жогоруда аталган сорттордон табигый тандалуу ыкмасы менен алынган “Казим”, “Розувай”, “Муса” сорттору, ошондой эле өзбекстандык “Чемпион”сорттору өстүрүлөт. “Лазер”, “Аланга”.

Өзгөн жана Кара – Кулжа райондорунда өндүрүлгөн күрүчкө рыноктук суроо-талаптын жогору болушу менен бааланат, анын түсү ак эмес, ачык күрөңдөн кара күрөңгө чейин. Ал эми Жалал-Абад жана Баткен облустарында өндүрүлгөн күрүч негизинен 100% ак түстө, тамак жасоодо диеталык жана ар кандай тамактарга колдонулат.

Show More
Back to top button