Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Чегирткелерге каршы күрөшүү үчүн атайын унаа тапшырылды

2024-жылдын 22-ноябрында БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн кеңсесинде Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментине ФАО жана JICAнын «Борбордук Азия өлкөлөрүндө чегирткелерге каршы күрөшүүнү жакшыртуу» (2-фаза) долбоорунун алкагында зыяндуу чегирткелерге мониторинг жүргүзүү үчүн «Тойота ХайЛюкс» атайын автоунаасын расмий өткөрүп берүү аземи өттү.
Айта кетсек, 2020-жылдан бери аталган долбоордун алкагында Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментине зыяндуу чегирткелерге каршы мониторинг жана күрөшүү иштерин жүргүзүүдө ӨХККДнин дараметин жогорулатуу максатында атайын техникалар, көзөмөл системасын колдонуу үчүн планшеттер, кеңсе техникасы, жеке коргонуу каражаттары, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана калкка маалымат берүү үчүн колдонмолор, брошюралар жана плакаттар берилген.
ФАОнун көрсөткөн техникалык жардамынын аркасында Департаменттин институционалдык жана кадрдык потенциалы бекемделди жана ушуну менен, чегирткелерге каршы күрөшүү боюнча алдын алуу, өз убагында жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүү иштери колго алынды.

Show More
Back to top button