Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Таласта “Талас-Агродиалог-2024” республикалык агроөнөр жай форуму болуп өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Таласта “Талас-Агродиалог-2024” республикалык агроөнөр жай форуму болуп өттү

Бүгүн, 22-ноябрында, Талас облусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы өкүлчүлүгү Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынын Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары менен биргелекте уюштурган “Талас-Агродиалог-2024” республикалык агроөнөр жай форуму болуп өттү.
Форумда дыйкандар, агрегаторлор айыл чарба тармагында иштеген алдыңкы ишкерлер менен жолугуп, баарлашууга, жаңы өнөктөштөрдү табууга, өз бизнесин өнүктүрүүгө, өндүрүлгөн азык-түлүктөрдү чет өлкөлөргө экспорттоонун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Форумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары С.Насирдинов чийки зат базасын анализдөө, анын кайда отургузулушу, айдалышына жана сатылышына байланыштуу өндүрүлгөн продукциянын сатуу, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү боюнча сөз кылды.
Форумдун алкагында агроөнөр жай комплексинин көргөзмөсү өтүп, анда облустун айыл чарбасындагы жетишкендиктер жана инновациялар көрсөтүлдү.
Мындай аянтчалар дыйкандардын, бизнестин жана мамлекеттик органдардын ортосундагы байланышты чыңдоо үчүн маанисин чон. Соода-өнөр жай палатасы кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн продукциясын ички жана эл аралык рынокто жылдырууга, B2B жолугушууларын уюштурууга жана өнөктөштөрдү табууга көмөк көрсөтүүгө даяр.

Show More
Back to top button