Маанилүү жаңылыктар

Министрлик суу тилкелерин балык чарба ишмердүүлүгүн уюштуруу үчүн сынак жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти (уюштуруучу) суу объектилерин жана суу объектилеринин участогун балык чарбаларын уюштуруу үчүн пайдаланууга берүүгө сынак жарыялайт.

Сынактын уюштуруучусу юридикалык жана жеке жактардын ​​ арыздарын 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, көч. Киев 96-А., 6-кабат, 607-кабинет, телефон: 66-28-30, факс 66-28-10 дареги боюнча кабыл алат.

1. Сынактык арыздарды кабыл алуунун  акыркы мөөнөтү 2024-жылдын 4-декабрына чейин. .

2. Сынактык документтерди баалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отуруму 2024-жылдын 9-декабрында, саат 10:00 Бишкек шаары, Киев көч. 96-А, 6-кабат, 621-кабинетте өткөрүлөт.

к/нЛот Суу сактагычтын аталышы  Жайгашкан жери           Көлмөнүн/көлмөнүн тилкесинин аймагы
Чүй облусу 
100-46БСР «Новое озеро», контур №662Чолпон а/о, Ыссык-Ата району6,5 га
200-47Көлмө «Байзак»  контур №574Жайыл р/н, Сары-Коой а/о2,8 га
300-48БСР МилянфанАк-Кудук а/о, Ыссык-Ата району3,57 га
400-49БСР «Жогорку»  Ак-Кудук а/о, Ыссык-Ата району2,2 га
Жалал-Абад  облусу
500-50Ташкөмүр суу сактагычынын акваториясынын участогу  Ташкөмүр суу сактагычы, Рязан-Сай айылы,, 41.469556, 72.2955173 га

Бардык суроолор боюнча жана кошумча маалымат алуу үчүн, ошондой эле конкурстук комиссия конкурска катышуу үчүн берилген билдирмелерди баалай турган баалоо критерийлери боюнча юридикалык жана жеке жактар ​​ведомстволор аралык комиссиянын катчысына  Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., көч. Киев 96-А., 6-кабат, 607-кабинет  дареги  боюнча кайрыла алышат.

№ к/н Сынактык документтерге талаптар

1. Сынактык документтин толтурулган арызы

2. Өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү (паспорт)

3. Юридикалык жактын Уставынын көчүрмөсү

4. Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү

5. Салык кызматынан маалымкат

6. Социалдык фонддон маалымат

7. Квалификациясы тууралуу маалымат

8. Бизнес-пландын болушу

9. Сынактык документтерге кол коюу укугуна ишеним кат

10. Башка документтер.

Show More
Back to top button