Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Кыргызстан Өзбекстандын ири супермаркетине ай сайын 80 тонна картошканы экспорттоп турмай болду

Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Экономика жана соода министрлигине караштуу Соода өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги менен биргелекте Өзбекстандагы эң ири супермаркеттердин бирине кыргыз картошкасын экспорттоого келишимге кол койду.
Өзбекстандагы эң ири супермаркеттер тармактарынын бири – “Олмага” кыргыз картошкасын экспорттоону “Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коому жүзөгө ашырат.
Макулдашуунун алкагында узак мөөнөттүү негизде жогорку сапаттагы кыргыз картошкасын айына 80 тоннага жакын жеткирүүлөр болот. Бул Өзбекстандын супермаркеттеринин текчелеринде азык-түлүктөрдүн туруктуу болушун камсыз кылат жана Кыргызстанда өндүрүлгөн экологиялык таза азыктарга өсүп жаткан суроо-талапты канааттандырат.
«Олма» супермаркеттер тармагы менен түзүлгөн келишим Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода мамилелерин өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп, ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Өзбекстандагы эң ири супермаркеттердин тармагы менен кызматташуу айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйтүүгө гана өбөлгө болбостон, Кыргызстан картошкасынын брендин региондогу сапаттуу экологиялык таза жана популярдуу товар катары таанытууга жардам болот.
Бул демилге Кыргызстандын экспорттук потенциалын кеңейтүү жана ата-мекендик продукцияны чет өлкөгө жайылтуу боюнча Соода өкүлчүлүгүнүн стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат.

Show More
Back to top button