Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министрлик менен “Айыл банк” ААК санариптештирүү жаатында кызматташат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министрлик менен “Айыл банк” ААК санариптештирүү жаатында кызматташат

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен “Айыл банк”ААК ортосундагы суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы жаатында санариптик өнүктүрүү маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин атынан Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары А.А. Кененбаева жана “Айыл Банк” ААК атынан “Айыл Банк” ААК башкармасынын төрагасы Т. Б. Алимджанов Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумуна кол коюшту.
Аталган документ айыл чарбасын санариптештирүү жаатында мындан аркы кызматташуу үчүн негиз болот.
Меморандумга кол коюунун максаты суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы жаатындагы маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө Тараптардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү, ошондой эле милдеттерди чечүү, санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууда колдонууга жарактуу санариптик сервистердин жана инструменттердин жогорку сапаттагы жана ишенимдүү комплекстерин түзүү үчүн жаңы билимдерди тартуу болуп саналат.
Меморандумдун алкагында зарылчылыкка жараша байма-бай жолугушууларды жана консультацияларды өткөрүү каралган. Кол коюлган Меморандум Тараптардын туруктуу өнүгүү жана өз ара пайдалуу кызматташуу максаттарын көздөгөнүн баса белгилейт.

Show More
Back to top button