Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Жүн иштетүү ишканасынын өндүргөн продукциянын 80%ын экспортко чыгаруу пландалды

Чүй облусунун Шопоков шаарындагы жүндү кайра иштетүүчү “Тумар Арт Групп” ишканасы
имаратын кеңейтүү иштерин жүргүзүп жатат. Учурда анын аянты 1147,8 чарчы метр аянтты ээлейт. Жаңы имараттын расмий ачылышы жакын арада болоору күтүлүүдө. Анын ишмердүүлүгү жана айрым көйгөйлүү маселелери менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурсатары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев көчмө жыйын учурунда таанышты.


“Тумар Арт Групп” жүн иштетүү, кийизден буюмдарды жана курулушта колдонулуучу изоляциялык материалдарды чыгаруу менен алектенет. Компания күнүнө 1000 килограмм жүндү иштетип, 800 килограмм кийиз чыгарат. Анда 70 адам эмгектенет. Өндүрүштө жүндү уйгактан арылтуу, жүндү тытуу, кийиз өндүрүү жана техникалык кийиз тытуу линиялары колдонулат.


Жүндү алгачкы иштетүү (жууп, тазалоо) Токмоктогу жүндү алгачкы иштетүү цехине тапшырылат. Чүй облусундагы жүндө уйгак көп болгондуктан, Нарын жана Ысык-Көл облустарынан ичке, калың, меринос түрүндөгү жүн кабыл алынат. Боектор Корея Республикасынан импорттолот. Өндүрүлгөн кийиздин 40%ын Кыргызстандагы улуттук буюмдарды тиккен жеке ишкерлер сатып алышат.
“Тумар Арт Групп” өндүргөн кийиз Эл аралык ЕСП сертификатына ээ.


Иш-чаранын жыйынтыгында компаниянын өндүргөн продукциянын 80%ын экспортко чыгарууга көмөктөшүү жана “Жашыл экономика” программасына кошулуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу боюнча чечимдер кабыл алынды.

Show More
Back to top button