Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жалпы 560,0 миң га аянтта жүргүзүлдү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жалпы 560,0 миң га аянтта жүргүзүлдү

Республика боюнча дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жалпы 560,0 миң га же 84,0 % аянтта жүргүзүлүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 122,0 миң га көп.

Буудай 235,4 миң га аянтта (97,9 %) жыйналды, бул өткөн жылга караганда 48,1 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүгү 29,9 ц/га болуп, 2023-жылга салыштырмалуу 5,4 ц/га жогору. Айрыкча, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарында түшүмдүүлүк 30,0-33 ц/га түзүүдө. Дүң жыйым 704,2 миң тоннаны түзүп, бул өткөн жылга караганда 244,1 миң тоннага көп.

Арпа 239,9 миң га аянтта (95,7 %) жыйналды, бул өткөн жылга караганда 48,1 миң га көп. Түшүмдүүлүгү 26,1 ц/га болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 3,4 ц/га жогору. Дүң жыйым 626,8 миң тоннаны түзүп, былтыркыга караганда 191,7 миң тоннага көп болду. Арпанын эң жогорку түшүмдүүлүгү Чүй облусунда 29,5 ц/га жетүүдө.

Жүгөрү (дандык) жалпы 50,4 миң га аянтта (45,8 %) жыйналды. Түшүмдүүлүк 71,2 ц/га түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 3,6 ц/га көп. Дүң жыйым 360,8 миң тонна болуп, бул 2023-жылга караганда 93,4 миң тоннага жогору. Эң жакшы түшүмдүүлүк Ош облусунда – 85,6 ц/га.

Чанактуулар жалпы 30,6 миң га аянтта (57,4 %) жыйналды. Түшүмдүүлүк 14,4 ц/га түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,3 ц/га көп. Дүң жыйым 43,9 миң тонна болуп, бул 2023-жылга караганда 21,1 миң тоннага жогору. Эң жакшы түшүмдүүлүк Талас облусунда – 14,3 ц/га.

          Башка өсүмдүктөр боюнча.

Картошканын 36,65 миң га (55 %) казылып алынып, орточо түшүмдүүлүк 168,3 ц/га болду, бул өткөн жылга салыштырмалуу 3,1 ц/га жогору. Дүң жыйым 615,9 миң тонна болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 56,0 миң тоннага көп болду. Ысык-Көл жана Чүй облустарында түшүмдүүлүк 181-183 ц/га түзүүдө.

Жашылчанын дүң жыйымы 1278,5 миң тонна болуп, бул 2023-жылга салыштырмалуу 103,8 миң тоннага көп.

Бахча өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы 278,3 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга караганда 57,6 миң тоннага жогору болду.

Май өсүмдүктөрүн жыйноо иштери 11,31 миң га гүзүлүп, түшүмдүүлүк 12,0 ц/га түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,8 миң га көп. Дүң жыйым 13,6 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга карата 1,9 миң тоннага көп.

Ал эми кант кызылчасы 1,5 миң гектардан казылып алынып, учурда орточо түшүмдүүлүк 673,3 ц/га түзүүдө, бул 2023-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 186,2 центнерге жогору. Дүң жыйым 101,0 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 66,9 миң тоннага көп болууда. Быйыл бул өсүмдүктүн түшүмдүүлүгү жогорку деңгээлде болууда.

Show More
Back to top button