Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министрликте жарандардын кайрылуусун кароо тартиби жөнүндө семинар болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба  жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде документ жүгүртүү 2021-жылдын январынан тартып «Infodocs» Электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу   ишке ашырылып келет.  Электрондук документ жүгүртүү тутуму менен иштөөдө кездешүүчү кыйнчылыктарды чечүү жолдорун үйрөтүү максатында  “Инфоком “ мамлекеттик ишканасынын кызматкеринин катышуусунда министрликтин  аткаруу жана контролдоо башкармалыгынын канцелярия жана лингвистика бөлүмү тарабынан  2024-жылдын 7-августунда ушул система менен иштөө боюнча окуу уюштурулуп өткөрүлдү.

Окууга  министрликке караштуу бардык  түзүмдүк бөлүмдөрдүн, ведомстволук жана бөлүнүштөрдүн кызматкерлери жана   иш-кагаздарын жүргүзүү  адистери катышышты. Окуунун  жүрүшүндө катышуучулар «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү тутумуна киргизилген өзгөртүүлөр  менен таанышышып,  өз билимдерин өркүндөтүштү.

Бүгүнкү күндө Министрликтин бардык кызматкерлери «Infodocs»  электрондук документ жүгүртүү тутумунда (ЭДС)  иштөөнү билишет. Бул тутум  кагаз жүзүндөгү документ жүгүртүүнү минималдаштырууга жардам берип,  өз кезегинде документтерди иштеп чыгуунун жана чечимдерди кабыл алуунун ылдамдыгын жогорулатты.

Show More
Back to top button