Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Бакыт Төрөбаев Кара-Кулжада жергиликтүү элдин көйгөйүн ордунан чечип берди – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Бакыт Төрөбаев Кара-Кулжада жергиликтүү элдин көйгөйүн ордунан чечип берди

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусуна болгон иш-сапарынын алкагында жергиликтүү эл менен жолугуп, көйгөйлөрүн жеринен укту.

Жолугушуунун алкагында жергиликтүү калк Кара-Кулжа районундагы Жаңы-Талаа жана Ылай Талаа каналынын курулуш иштери алгач 2017-жылы, андан кийин 2020-жылы белгисиз себептерден улам токтоп калгандыгын айтышып, көйгөйдү чечип берүүнү өтүнүшкөн.

Жыйындыгында аталган маселе ордунан чечилип, Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасы менен Жаңы-Талаа каналынын курулушуна керектүү атайын техника тартылып, курулуш жумуштары жандандырылды.

Белгилей кетсек, Жаңы-Талаа каналы Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айыл округунун Каракулжа, Чалма, Ылай-Талаа, Карагуз, Жаңы-Талаа, Кеңеш айылындагы жерлерин сугат суу менен камсыздайт. Кубаттуулугу 1318 га жерлердин суу менен камсыз болушу жогорулайт.

Бүгүнкү күндө Тар суусунан суу  алган сыйымдуулугу 0,8 м3/сек болгон насостук станциясынын реконструкциялоо жумуштары толугу менен бүттү.

Show More
Back to top button