Маанилүү жаңылыктар

Сүттүн баасын жөнгө салуу үчүн тарифтик график киргизилет

Бүгүн, 3-июлда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен Кыргыз улуттук агрардык университетинде мамлекеттик органдардын, райондук мамлекеттик администрациялардын, сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын, сүт өндүрүүчүлөрдүн жана фермерлердин катышуусунда кеңейтилген жыйын өттү.

Жолугушуунун максаты – сүт өнөр жайын өнүктүрүү жана сүт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө арналган.

Анткени, жыл сайын апрель айынан июнь айына чейин Кыргызстанда сүттүн сатып алуу баасы төмөндөп, ар дайым маселе жаралат. Мына ушул көйгөйдү чечүү багытында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин тарабынан сүттүн майлуулук курамына жараша баанын тарифтик графигинин таблицасы сунушталды.

Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев иш-чарада айтты.

Министр өз сөзүндө: “Эгерде сүттүн майлуулугу 3,4 процент болсо, завод кабыл ала турган баа 35 сомду, ал эми сүттү топтоп даярдоочунун маржасы 5 сомду түзөт”, – деп билдирип, сүттүн орточо майлуулугуна карата баалар аныкталганын белгиледи.

Ошондой эле, баанын мындай тарифтик графигинин таблицасы сүт кабыл алган ар бир заводго орнотуларын маалымдалды.

Бул боюнча Төрөбаев: “Баалар – аймакка, орточо айлык акыга, тоюттун наркына жана сомдун курсуна жараша Монополияга каршы кызмат тарабынан белгиленет. Эгерде дыйкан менен заводдун ортосунда сүттүн майлуулугуна карата кандайдыр бир талаш-тартыштар жаралса, биздин ветеринардык лабораторияларга кайрылса болот. Биздин ветеринардык лаборатория экспертиза жүргүзүп, эгер корутундуда сүттүн майлуулугу 4% болсо, завод фермерден сүттү 40 сомдон кабыл алат», – деп түшүндүрдү.

Аталган таблицага баш ийбей, токтомду аткарбаган заводдорго чара көрүлөрү дагы айтылды.

Кошумчалай кетчү жагдай, учурда сүттүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан асыл тукум уйларга дагы басым жасалууда.

Бул багытта Дүйнөлүк банктын сүт тармагын колдоо долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусуна 2700 музоолуу уй сатылып берилип, алыскы айылдарына 3 тонналык 20 муздаткыч, сүттүн сапатын текшерген 120 экспресс лабораториялык жабдыктар коюлуп берилген.

Ошондой эле, 8 миң уй жасалма уруктандырылып, асыл тукум 5200 музоолор алынган. Дал ушундай ишти экинчи фазада Нарын, Талас облустарында ишке ашыруу жүрүп жатат. Азыркы тапта аталган облустарда 15 миң уйдан асыл тукум музоолорду алуу үчүн жасалма уруктандыруу жүргөн. Сүттү муздаткыч 50 танкер коюлган.

Show More
Back to top button