Маанилүү жаңылыктар

Мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткан 80 000 кг уйдун майы аныкталды

Кечээ, 3-июль күнү Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринардык кызматты “Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан Казакстан Республикасынан Кыргызстандын аймагына 80 000 кг өлчөмүндө уйдун майы мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы, ошондой эле таңгактоосу жана маркировкалоосу “Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө” 021/2011 Бажы бирлигинин Техникалык регламентине ылайык келбегендиги аныкталып, инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Казакстан Республикасына артка кайтарылды.

Белгилей кетсек, буга чейин дагы Ветеринардык кызматтын “Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан Казакстан Республикасынан Кыргызстандын аймагына 20 000 кг өлчөмүндө уйдун майы мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткандыгы аныкталып, жүк Казакстан Республикасына артка кайтарылган болчу.

Show More
Back to top button