Маанилүү жаңылыктар

Үч айда карантиндик зыяндуу организмдерди аныктоо үчүн 16 миңден ашуун экспертиза жүргүзүлдү

Министрликке караштуу өсүмдүктөдү химиялаштыруу, карантин жана коргоо департаменти тарабынан Лабораториялык экспертиза жүргүзүү үчүн 2024-жылдын 1-кварталда лабораторияларга – 5399 даана үлгү келип түшкөн, алардын ичинен:

  • 3499 даана. импорттук Айыл чарба продукциясынын үлгүлөрү,
  • 1636 даана экспорттук айыл чарба продукциясынын үлгүлөрү,
  • 94 даана кайрылуулар боюнча үлгүлөр,
  • 167 даана изилдөө иш-чаралары боюнча үлгү.
    Лабораториялардын адистери тарабынан карантиндик зыяндуу организмдерди аныктоо жана идентификациялоо үчүн 16068 экспертиза жүргүзүлгөн.
    Изилдөө учурунда, карантинге алынган продукциядан алынган үлгүлөрдөн жалпы 6 түр карантиндик зыяндуу организмдер (Комсток курту, тыт калканчысы, калифорния калканчысы, сойломо кекире, сары чырмоок, күрөн бырыш томат вирусу) аныкталган.
    2024-жылдын 1-кварталда департаменттин атайын эсебине лабораториялык экспертизадан – 1 156 789 сомдук кызмат көрсөтүлгөн.
Show More
Back to top button