Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Баалуу балык запастарын калыбына келтирүүгө конкурс жарыяланды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Баалуу балык запастарын калыбына келтирүүгө конкурс жарыяланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Балык чарба департаменти Нарын облусунун Соң-Көл көлүндөгү өзгөчө баалуу өнөр жайлык балык запастарын (сига-лудога, пелядь) “Соң-Көл балык чарбасы” мамлекеттик ишканасын өнүктүрүү үчүн МЖӨ (мамлекеттик жеке өнөктөштүк) долбооруна жеке өнөктөштү тандоо сынагын жарыялайт. Долбоор мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылат. Жеке өнөктөш квалификациясы эки этаптуу конкурстун жыйынтыгы боюнча тандалып алынат.
“Соң-Көл балык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын долбоору боюнча квалификациялык тандоого билдирме жана ага тиркелген документтер конвертке салынып төмөнкү дарек боюнча: Бишкек ш. Киев көч. 96 а, же почта менен курьердик кызмат аркылуу 2024-жылдын 7-май саат 17:00гө чейинки мөөнөттө кабыл алынат.
Ошондой эле, Кыргызстандын түштүгүндөгү “Күрпсай суу сактагычындагы регионалдык аквакультура борбору” МЖӨ долбоорунун жеке өнөктөшүн тандоо боюнча дагы сынак жарыялайт. Долбоор МЖӨ алкагында ишке ашырылат. Жеке өнөктөш боюнча квалификацияларды талап кылуу жана сынактын жеңүүчүсүн тандоо, эки этаптан турган сынактын жыйынтыгы боюнча тандалып алынат.
Биринчи этапта конкурстун катышуучуларына квалификациялык суроо-талаптар болот. Документте көрсөтүлгөн юридикалык, техникалык жана каржылык талаптарга жооп берген компаниялар же консорциумдар документте кеңири баяндалган шарттарга ылайык кайрыла алышат. Квалификациялык тандоодон өткөн катышуучуларга гана конкурстун кийинки этабына – жеңүүчүнү тандоого уруксат берилет.
Квалификациялык тандоого билдирмеси жана ага тиркелген документтери менен конверт төмөнкү дарек боюнча: Бишкек ш., Киев көч., 96 А, же курьердик кызмат менен почта аркылуу саат 17: 00, 29-апрелине чейинки мөөнөттө кабыл алынат.
Бардык суроолор боюнча Балык чарба департаментине +996312 623601 номери жана төмөнкү электрондук дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: center@ppp.gov.kg

Show More
Back to top button