Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде 2024-жылдын 3-апрелинде айыл чарба товарларынын жана жасалма (контрафакттык) продукциялардын контрабандасына каршы күрөшүү боюнча кеңешме болуп өттү. Ага мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун жана агроөнөр жай комплексинин ассоциациясынын өкүлдөрү катышышты.
Маселенин масштабы, аны чечүү жолдору, ошондой эле аткезчилик жана контрафакттык товарлар менен күрөшүү боюнча жалпы чараларды иштеп чыгуу талкууланды.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, анын курамына мамлекеттик органдардын, бизнестин жана агроөнөр жай комплексинин ассоциациясынын өкүлдөрү кирди. Жумушчу топтун милдети – аткезчилик жана жасалма (контрафакттык) продукцияла менен күрөшүү боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу.
Министрлик ошондой эле ведомстволук бөлүмдөргө бир катар тапшырмаларды берди:
- аткезчилик фактыларын азайтуу үчүн толук чараларды көрүү;
- Жасалма (контрафактык) жана мөөнөтү өтүп кеткен товарларды аныктоо;
Министрлик башка кызыкдар тараптар менен биргеликте азык-түлүк товарларынын аткезчилигин жана контрафактынын олуттуу төмөндөшүнө жетишүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.