Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Ноокат районундагы айыл чарба кооперативине техникалар жана “Книп-баум” технологиясы менен өстүрүлгөн көчөттөр тапшырылды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Ноокат районундагы айыл чарба кооперативине техникалар жана “Книп-баум” технологиясы менен өстүрүлгөн көчөттөр тапшырылды

2024-жылдын 4-апрелинде “Регионалдык экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында табыштама менен алынган товарларды бенефициарларга өткөрүп берүү улантылууда. Айта кетсек, У.Исаеванын жетекчилиги астындагы “Термез” көп тармактуу айыл чарба өндүрүштүк коммерциялык кооперативине Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун (ААЖБ) директору Т.Н.Бековдун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.А.Ташбаевдин, Карасуу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жана айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда айыл чарба техникалары жана “Книп-Баум” технологиясы менен өстүрүлгөн көчөттөр тапшырылды:
1) 2023-жылы чыгарылган “ЮТО NLX1054” трактору – 1 даана;
2) “Голден Делишиоз” сортундагы алманын көчөттөрү, тамыр сабагы М9 – 2000 даана;
3) “Гала” сортундагы алманын көчөттөрү, тамыр сабагы М9 – 2500 даана;
4) “Рэд Чиф” сортундагы алманын көчөттөрү, тамыр сабагы М9 – 8000 даана.
“Регионалдык экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында жеңилдетилген кредиттин жардамы менен “Айыл чарба продукцияларын жеткирүү чынжырчасын чыңдоо” 2-компонентинин, ошондой эле Ош облусунда багбанчылыктын эффективдүүлүгүн жогорулатуу, рынокто өндүрүмдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана “Ноокат Алмасы” АБКК менен жемиштүү өнөктөштүктүн “Алма” кошумча нарк чынжырынын алкагында экспорттоого Ош облусунун Карасуу районундагы Кызыл-Тал айыл аймагынын, Мады айылында 5 гектар жерине жогорку натыйжалуу алма багы отургузулду.
Бул Долбоор АРИС жана ААЖБ тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин демөөрчүлүгү астында Дүйнөлүк банктын жана Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин алдындагы Финансылык кредиттик фонддун каржылык жана техникалык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Show More
Back to top button