Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Бажы бирлигинин “Эт жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Бажы бирлигинин “Эт жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Бажы бирлигинин “Эт жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” (БС ТР 034/2013) техникалык регламентинин мал жандыктан алынган чийки заттар жана эт продукциясын маркировкалоодо азыктык баалуулугун көрсөтүүнүн атайын эрежелерин белгилөө бөлүгүнө №1 өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорунун мамлекеттик ички макулдашуу жол-жобосу аяктагандыгы тууралуу маалымдайт.

№1 өзгөртүү долбоорун  кабыл алууга байланыштуу ыйгарым укуктуу даярдоочуларга, мал жандыктан алынган чийки заттар жана эт  продукциясын сатуучуларга  маркировкада көрсөтүлгөн маалыматты тактоо талап кылынат.

Мал жандыктан алынган чийки заттар жана эт продукциясынын азыктык баалуулугу жөнүндө маалыматты көрсөтүүдө тамак-аш заттарынын факт жүзүндөгү курамынын жол берилген чектерин белгилөө сунушталат:

  • белок – продукцияны маркировкалоодо көрсөтүлгөн мааниден 80% кем эмес;
  • май, углеводдор, энергетикалык баалуулук (калориялуулук) – продукциянын маркировкалоодо көрсөтүлгөн мааниден 120% ашык эмес.

Өзгөртүүлөрдү киргизүү  долбоорунун толук текстин +996 709 075 822 телефону номуру аркылуу алсаңыз болот.

Show More
Back to top button