Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр Аскарбек Джаныбековдун Чүй облусуна болгон иш сапары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Министр Аскарбек Джаныбековдун Чүй облусуна болгон иш сапары

Кыргыз Республикасынын  Айыл чарба министри А.С. Джаныбеков менен президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.С. Жумагазиев 2023-жылдын  24-мартында Чүй районундагы ирригация тутумун, анын ичинде ички каналдардын  жаңы сугат мезгилине даярдыгын жана жазгы айдап себүү  иштери  менен  таанышуу максатында иш сапары менен барышты.

Райондо  жүрүп  жаткан айыл чарба жумуштарынын айдап себүүсү  жана ирригациянын ички чарбалык жана чарба аралык  канал – арыктарынын сугат мезгилине даярдыгына карата  жумуштарынын жүрүшү  боюнча  Искра айыл ѳкмѳтүнүн ички чарбалык арык – каналдарынын  тазалоо  иштерин жана Кегети айыл  аймагындагы чарбалык “Дѳң”  каналын  бетондоо  иштери менен  танышуу үчүн жерине барышты. Узундугу 2км 800м түзгѳн  “Дѳң”  каналын бетондоо үчүн Республикалык бюджеттен  19 млн 38 миң сом акча каражаты бѳлүнүп,  бүгүнкү  күндѳ 2км 360м аяктап калды. Жакын арада ишке берилүүчү  бул канал 2420 гектар айдоо жерин  сугат  суусу  менен  камсыз кылат.

Ошондой эле  Айыл чарба министри А. Джаныбеков  жана облус  башчысы К. Джумагазиев “Осмон чарба арлык  каналын  бетондоо иштери” долбоору  менен жакындан таанышып  ѳтүштү.  Аталган  каналдын долбоору 3 млн АКШ долларын түзүп,  каналдын узундугу 22600 чакырымды түзѳт.  Канал  ишке берилгенден кийин  жалпы  8000 гектар айдоо жерин  сугат  суусу  менен  камсыздай  алат.

Кыргыз  Республикасынын  Презинденти  С.Н. Жапаровдун  Жарлыгына ылайык  “Жашыл мурас” улуттук  ѳнѳктүгүнүн алкагында Сайлык  айыл  аймагындагы Виноградное айылындагы  26 га жерге отургузулуп  жаткан жүзүм  талаасы  менен  дагы  таанышып  ѳтүштү.

Show More
Back to top button