Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Фитосанитардык сертификат алууга керектелүүчү документтер

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинен фитосанитардык сертификат алууга эскерткич

1-кадам – арыз берүү

Фитосанитардык сертификатты алуу үчүн ИСЕО аркылуу электрондук арыз берүү ыкмалары:

1) БТБ МИ оператору аркылуу-арыз ээси Ишкерлерди тейлөө борборлорунда жайгашкан БТБ МИ Кызмат борборунун операторлоруна кайрылуусу зарыл:

– Бишкек ш., Ибраимов көч., 152 (КТБ, 2-кабат);

– Ош ш., Масалиев пр.- 75.

2) Арыз ээси өз алдынча, – арыз ээси Системага кирүү үчүн Онлайн-сервис аркылуу каттоодон өтүшү керек https://signup.trade.kg/. Бул сервис, бардык ишкерлерге уруксат берүүчү жана башка зарыл документтерди, анын ичинде фитосанитардык сертификаттарды алууга арыз берүү үчүн Системада онлайн катталууга мүмкүнчүлүк берет.

3) Департаменттин аймактык башкармалыгынын адиси аркылуу

2-кадам – фитосанитардык сертификациялоо

1) Арыз адистин иштетүүсүнө келип түшкөндүгүн текшериңиз.

2) Адис үлгү алуу менен жүктү кароо, көрүп чыгуу аракеттерин дайындайт. Документтерди текшергенден кийин адис фитосанитардык сертификатты берет же берүүдөн баш тартат.

Жүктүн партиясын коштогон документтер:

ЕАЭБ өлкөлөрүнө:

ДокументОрган
1.Электрондук эсеп-фактурасыМСК МТ аркылуу экспорттоочу
2.Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазМСК МТ аркылуу экспорттоочу
3.Автожол коштомосу CMRЭкспорттоочу
4.Айдоочуга ишеним катЭкспорттоочу
5.Фитосанитардык сертификатӨХККД

Үчүнчү өлкөлөргө

ДокументОрган
1.Электрондук эсеп-фактурасыМСК МТ аркылуу экспорттоочу
2.Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазМСК МТ аркылуу экспорттоочу
3.Келип чыккан жеринин сертификатыСоода –өнөр жай палатасы
4.Бажылык декларацияБажы брокери
5.Автожол коштомосу CMRЭкспорттоочу
6.Айдоочуга ишеним катЭкспорттоочу
7.Фитосанитардык сертификатӨХККД

Аймактык башкармалыктардын даректери:

АталышыДарегиТелефону
1Борбордук аппаратБишкек ш., Киев көч. 96б0312620292
2Жалал –Абад облусуЖалал-Абад ш, Нефтяник көч. 110558665961
3Ысык-Көл облусу  Каракол ш. Кутманалиев көч. 1180550750323
4Ош облусуОш ш. Исанов көч. 420778121812
5Чүй-Бишкек  Бишкек ш., Маяковский көч. 600558533855
6Нарын облусу  Нарын ш., Ленин көч. 101/160778716199
7Талас облусу  Талас ш. Огонбаев көч. 111а/13.0772762294
8Баткен облусуБаткен ш. Раззаков көч. 13/1.0777000630
Show More
Back to top button