Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн себүү иштери башталды

Республикалык бюджеттен 2024-жылга жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министирлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментине 85,643 миллион сом каражат бөлүнгөн.
Анын ичинен 13187 га кунарсыз жайыттарга себүү үчүн 118 680 кг жайыт өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн кылкансыз түбү бош (Кострец безостый) жана Таракбаш (Житняк) сатылып алынып, Талас, Нарын, Ыссык-Көл, Чүй облустарынын айыл аймактарына жеткирилди. Үрөндөр райондордун климаттык шартына жараша жайыт жерлерге декабрь айына чейин себилет. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын (РАӨБ) сактоосунда турган 94 тонна 462 кг эспарцеттин үрөнү жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү менен аралаштырылып себилет.
Жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарына 2-3 декабрына чейин 29 131 кг кылкансыз түбү бош, 41 215 кг таракбаш жеткирилет.
Учурда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр аке айыл аймагынын 10 га жайыт жерине жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн аралашмасын себүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Show More
Back to top button