Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
2024–2028-жылдарга карата айыл чарба продукциясынын экспортун жогорулатуу маселеси талкууланды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

2024–2028-жылдарга карата айыл чарба продукциясынын экспортун жогорулатуу маселеси талкууланды

Бүгүн, 25-ноябрда Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги «Cantek» компаниясы менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу перспективасын талкуулоо максатында «Муздак чынжыр жана азык-түлүк коопсуздугу» темасында презентация өткөрдү.
Жолугушуунун негизинде Түркия Республикасында колдонулуп жаткан технологиялар боюнча тажрыйба жана маалыматтарды кабыл алууга мүмкүндүк берип, ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасында 2024–2028-жылдарга агроөнөр жай тармагында соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү программасын» эске алуу менен айыл чарба продукциясынын экспортун жогорулатуу, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну көздөйт.
«Cantek» компаниясы IQF технологиясын колдонуу менен муздаткыч камераларды чыгарууга жана өсүмдүктөрдүн ар кандай түрлөрүн өстүрүүчү заводдорду курууга адистешкен. Заманбап технологияларды колдонуу менен ар бир продукт үчүн өзүнчө колдонулган ыкмалар жана формулалар тамак-ашты чоң көлөмдө, бузулуу коркунучу жок узак убакытка сактоого мүмкүндүк берет.

Show More
Back to top button