Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Быйыл кант кызылчасынын түшүмү рекорддук деңгээлге жетет

Быйыл кант кызылчасынын түшүмү рекорддук деңгээлге жеткени турат. Буга жагымдуу аба-ырайы, айыл чарбасындагы ресурстарды туура пайдалануу жана фермерлердин аракети өз жемишин берүүдө. Республикабыздын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында 2024-жылы республика боюнча 13,5 миң га аянттагы кант кызылчасынан жалпы – 900 миң тонна түшүм күтүлүүдө. Мунун ичинен 110,0 миң тоннага чейин кумшекер алынып, жалпы калкыбызга керектөөлүүчү 120,0 миң тонна кумшекердин 92,0 пайызы камсыздалат.
Ал эми Россия, Белоруссия, Казакстан мамлекеттеринин базарларында кумшекердин баасынын төмөндөшүнөн республиканын аймагына коңшу мамлекеттерден кумшекерди импорттону токтотуу боюнча маселенин азырынча зарылчылыгы жок. Бирок, кант кызылча өстүргөн дыйкан-фермелерди, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо максатында келечекте аталган маселе боюнча кандайдыр бир көйгөй жарала турган болсо кумшекерди импорттону токтотуу боюнча Министрлик тарабынан терең анализдер жүргүзүлүп, чечим кабыл алынат.

Show More
Back to top button