Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Быйыл эт былтыркы жылга салыштырмалуу көп өндүрүлдү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Быйыл эт былтыркы жылга салыштырмалуу көп өндүрүлдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2024-жылдын 1-сентябрына карата өндүрүлгөн мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн атады.

Эт өндүрүү. 2024-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбаларында тирүүлөй салмакта 272,3 миң тонна эт өндүрүлдү. Башкача айтканда, бул мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5566 тоннага же 2,1 пайызга эт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтүп турат. Республикада эт өндүрүүнүн жогорулашы айыл чарбада малдын көбөйүшү менен байланыштуу. 2023-жылдын аягына карата өлкөдө мал санактын жыйынтыгы боюнча ири мүйүздүү малдын саны 18,8 миң башка, кой жана эчкинин саны 15,1 миң башка, жылкынын саны 8,5 миң башка жана үй канаттуулардын саны 620,0 миң башка көбөйүшү менен байланыштуу.

Сүт өндүрүү. 2024-жылдын январь-август айында республикада 1238,0 миң тонна сүт өндүрүлдү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 30,4 миң тоннага же 2,5 пайызга сүт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтөт. Республикада сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны былтыркы жыл менен салыштырмалуу 16,5 башка көбөйүшү жана уйлардын кунардуулугунун жогорулашы менен байланыштуу, уйлардын орточо саны отчеттук мезгилде 21,6 кг көбөйүп 1376,2 кг түздү.

Жумуртка өндүрүү. Отчеттук мезгилде өлкөдө 533374 миң даана жумуртка өндүрүлдү, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 50201 миң даанага же 110,4-пайызга көбүрөк. Азыркы учурда жумуртка өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйүдө. Жумуртка өндүрүүнүн жогоруулашынын эң негизги себеби тооктордун саны 571,1 миң башка көбөйүшү жана тооктордун азыктуулугунун жогоруулашы менен байланыштуу.

Жүн өндүрүү. 2024-жылдын 1-сентябрына карата республикада 13148,5 тонна жүн өндүрүлдү, бул көрсөткүч 234-тоннага көбөйүшү, же былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 101,8-пайызды түзгөнү байкалат. Жүн өндүрүү республиканын бардык облустардын чарбаларында көбөйүшүү байкалат, эң негизги себеби – койлордун саны 37609 башка көбөйүшү жана азыктуулугунун жогоруулашы менен байланыштуу.

Show More
Back to top button