Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Жер жана суу мыйзамдарынын талаптарын сактабаган жарандарга айып салынды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан Нарын облусунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу Кичи-Кара-Кужур өрөөнүнүн суу коргоо зоналарында жайгашкан жайыт пайдалануучулар, малчылар тарабынан Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузуулар аныкталган.

Жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 239-беренеси менен Мин-Булак айыл аймагынын тургуну Р.К.га 3000 сом жана Мин-Булак айыл аймагынын Т.Ч. аттуу тургунуна 252-беренеси менен 7500 сом айып салынды.

Ошондой эле бүгүнкү күнү Мин-Булак айыл өкмөтүнө мыйзам бузууларды четтетүү боюнча эскертүүлөр берилди.

Show More
Back to top button