Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Жүз долбоордун алкагында эң көп долбоор Чүй жана Ош облустарында ишке ашууда – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Жүз долбоордун алкагында эң көп долбоор Чүй жана Ош облустарында ишке ашууда

Cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги бүгүнкү күндө агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоордун алкагында 96 долбоорду ишке ашырууда.

Бүгүнкү күндө 96 долбоордун ичинен 20сы 1,072 млрд сом суммасында каржылоо алган. Долбоор айыл чарбанын төмөнкү багыттарын камтыйт: Соода-логистикалык борборлор, жүндү кайра иштетүү, сүт багыты, канаттуулар чарбасы, илимий-агартуу долбоорлору, балык чарба, мал чарба, айыл чарба өсүмдүктөрү.

Алардын ичинен:

  • Чүй облусунда: 7 долбоор (Сокулук, Москва, Ысык-Ата, Аламүдүн райондору);
  • Ош облусунда: 4 долбоор (Ош шаары, Ноокат, Кара-Кулжа, Кара-Суу райондору);
  • Ысык-Көл облусунда: 4 долбоор (Ысык-Көл, Тоң, Ак-Суу райондору);
  • Жалал-Абад облусунда: 2 долбоор (Чаткал, Ала-Бука райондору);
  • Талас облусунда: 1 долбоор (Чыңгыз Айтматов району);
  • республика боюнча айыл чарбасын өнүктүрүү программасы: 2 долбоор.

Каржылоо агроөнөр жай комплексин кредиттөө программасынын (КАПК) алкагында Айыл жана Элдик мамлекеттик банктары аркылуу, ошондой эле эки тараптуу өнүктүрүү фонддору (ОКӨФ ж.б) жана эл аралык уюмдар аркылуу берилген.

Show More
Back to top button