Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Россиядан мыйзамсыз келе жаткан 22 тонна тоңдурулган балык кайра артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринардык кызматынын «Чалдыбар» чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан Россия Федерациясынан Кыргызстандын аймагына 22000 кг. өлчөмүндө тоңдурулган балык (минтай) мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткандыгы аныкталган.

Маалыматка ылайык, жуктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы, ошондой эле тиешелүү ветеринардык коштоочу документтери ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келбегендиги аныкталып, инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк «Чалдыбар» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Россия Федерациясына артка кайтарылды.

Show More
Back to top button