Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Айыл чарба тармагындагы лабораториялар жаңы заманбап жабдуулар менен камсыздалды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Айыл чарба тармагындагы лабораториялар жаңы заманбап жабдуулар менен камсыздалды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Борбордук адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясына республикалык бюджеттин эсебинен Россия мамлекетинин өндүрүшүндөгү “Хроматэк-Кристалл 5000.2” газ хроматографы сатылып алынды.

Газ хроматографынан негизги функциясы пестициддердин сапатын, алардын өсүмдүктөрдө, топуракта жана сууда калдык санын аныктоо болуп саналат.

Россия Федерациясынын “Хроматэк” компаниясы тарабынан Борбордук жана Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясынын адистерин аталган лаборатордук жабдыкты сактоо, транспортировкалоо жана ишке киргизүү боюнча окуу өткөрүлдү.

Show More
Back to top button