
“Өзгөн балык чарбасы” МИ «Ош-Баткен мергенчилер жана балыкчылар коому» КБ менен биргеликте каңылтыр (карп) балыгынын чабактары (кабырчыктуу жана күзгүдөй) менен балыктандыруу иш-чараларын өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө:
-Папан суу сактагычына (Кара-Суу району) 50 000 даана кое берилди;
-Найман суу сактагычына (Ноокат району) 50 000 даана кое берилди;
-Чаар-Айгыр көлүнө (Кара-Суу району) 20 000 даана кое берилди.

