Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Ош облусундагы селден кийин суу каналдарын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Ош облусундагы селден кийин суу каналдарын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат

14-июлда Ош облусундагы катуу нөшөрлөгөн жамгырдан кийинки селдерден келтирилген зыяндарды калыбына келтирүү боюнча райондук суу чарба башкармалыктары тарабынан үзгүлтүксүз жумуштар алып барылууда.
Тактап айтканда, Ноокат районунда “Күнгөй”, “Сапарбаев-1” чарба аралык каналдары кыйроолорго учурап, учурда атайын техника тартылып шилендилерден тазалоо жумуштары аткарылууда. Ал эми Кара-Суу районунда “Ак-Буура” плотинасындагы башкы суу бөлүштүрүүчү курулмасы, “Араван-Ак-Буура”, “ПМК”, “Южный”, “Жойпас”, “Гүлчө-Гунан”, “Мады” суу бөлүштүрүүчү чарба аралык каналдары кыйроолорго учурады. Мындан сырткары, Араван районунда “Найман-Головной”, “Мазар-Арык”, “Сандык”, “Мечит”, жана “Араван-Сай” чарба аралык каналдары зыянга учурады.
Азыркы тапта райондук суу чарба башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан шилендилерди тазалоо жумуштары аткарылууда. Объекттерди калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүп бүткөн соң, сугат суу берүү жандандырылат.

Show More
Back to top button